17-сентябрь 2020/informator/kg-

Бишкектин Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 23:52де чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Эске сала кетсек, Жалда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан.