13-октябрь 2020/informator.kg- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкери Токтобек Жолдошов токко тартылып көз жумду. ӨКМдин ардагери Кубанычбек Дүйшөнбиев билдирген маалымат боюнча, маркум Жолдошов 9-октябрда каза болгон. Ал жумуш боюнча «Гансиге» жөнөтүлгөн болчу. Ошол жактан ток тарткан.