21-ноябрь 2020/informator.kg- 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти.

Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт.

Жугуу жолдорунун көрсөткүчтөрү төмөнкүчө:

Жыныстык жол менен (гетеросексуалдык катыш) – 46%;

Жыныстык жол менен (гомосексуалдык катыш) – 3%;

Парентералдык жол менен (ийне аркылуу) – 43%;

Энеден балага – 3%;

Аныкталбаган башка жолдору – 5%. Белгилей кетсек, дүйнөдө 1-декабрда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Кыргызстанда оорунун алдын алуу боюнча 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлык өнөктүк жарыяланган.