23-ноябрь 2020/informator.kg- Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлиги чиновниктердин ашыкча салмагын көзөмөлгө алат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө үчүн атайын онлайн режиминде тутум 2021-жылдын 1-июлдан тарта иштеп баштайт. “Алгач чиновниктердин семирүүсүн баалоонун критерийлери иштелип чыгып, андан кийин рейтингдин негизинде анализдөө жана жыйынтыктар онлайн мониторинг менен чыгарылат. Ошондой эле, 2021-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлер үчүн жумуш учурунда гимнастика кылууга атайын тыныгуулар берилет”, -деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин, 30-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев “Дени сак жашоону кеңири жайылтуу жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча чаралар” жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документте 2021-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери “семирүүнүн алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо” максатында жумасына жок дегенде бир жолу спорт менен машыгуулары каралган.