27-июль 2020/informator.kg-

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүк комиссия карантин чараларын 15-августка чейин узартты.Ага ылайык, ири дүкөндөр, кийим-кече саткан базарлар, бир катар ишканалар жабык бойдон калат. Той-салтанаттарды өткөрүүгө, коомдук жайларда үчтөн көп адамга чогулууга тыюу салынат. Жарандар коомдук жайларда беткап кийип, социалдык аралыкты сактап жүрүшү зарыл.Комиссия белгилегендей, 10-июлда экинчи жолу киргизилген карантин жакшы натыйжасын берип, коронавирус менен ооругандар азая түштү.Өзбекстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны расмий статистикага ылайык 20 миңден ашат. Пандемия башталганы бул өлкөдө 116 киши көз жумган.