Өзгөчө абал режими 30-апрелде аяктаса биринчи кезекте кайсы тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат бериле тургандыгы айтылды.

Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы менен жарандар күнүмдүк кирешесин таба турган тармактарга артыкчылык берилген.

«Алар курулуш тармактары, унаа оңдоочу жайлар, желимдөөчү жайлар, такси кызматы. Бирок бардык эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталып, бир унаада экиден ашык адам болбошу керек. Ушул тармактардагы ишмердүүлүктөрдү карайбыз», – деди комендант.

Ошондой эле бет кап тагынуу, адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелер сөзсүз аткарылышы керектигин белгиледи.

  • Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Ат-Башы, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда жарыяланган.