Бишкек. 20.01. 21 informator.kg Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 18 жаштагы Айдана Зоотпекова аттуу кыз изделүүдө. Чүй ОИИБсинин маалыматына караганда ал, 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

«Өзгөчө белгилери: бою орто, 160 сантиметр чамасында, арыкчырай, ийнине жеткен кара чачтуу. Үйдөн чыгып кеткен күнү үстүндө кызыл түстөгү куртка, кызыл водолазка, кара бут кийим болгон”,-деп айтылат.

Милиция Айдананы көргөн билгендер болсо 0312363527, 0999210709, 0709211808, 0550343363, 0778000999 жана 102 номурларына чалып, кабарлап коюуну өтүнөт.