25-август 2020/informator.kg-

COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, кечээ, 24-август күнү Нарын, Ысык-Көл жана Бишекте 200 медик Ысык-Көлгө жөнөп кеткен. Алар “Алтын жай” пансионатында 7 күн бою эс алып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.”Аталган иш-чаралар президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.