Бишкек.  15.03.21. informator.kg  2020-жылы “Кумтөр голд компани” менен “Центерра” 17 тонна, 297, 76 килограмм таза алтын өндүргөн. Ал эми компаниялар Кыргызстанга жалпысынан 344,68 миллион АКШ долларын өлчөмүндө каражат төлөмдөрүн жүргүзгөн. Бул тууралуу компаниянын жылдык отчетунда айтылат.

Андагы маалыматтарга караганда, 2020-жылы кампалардагы сактлагна корлорду иштетүүнүн негизинде 556 миң 136 унцийди же” 17 тонна, 297, 76 килограмм алтын алган. Бул 2019-жылга караганда дээрлик бир тоннаг чукул аз. Муну компания өндүрүштөгү рудада алтындын курамы аз өлчөмдө болгону менен түшүндүрөт.

“2020-жылы мамлекеттин бюджетине салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 15,3 миллиард сом которулду”,деп айтылат отчетто.