25.06.19 informator.kg Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болгон.
Окуя 9-июнь күнү райондук ооруканалардын биринде болгон. Оорукананын мурдагы башкы дарыгери — Бишкек шаарынын тургуну 3 жаштагы небересин сүннөткө отургузуу үчүн алып барган. Бирок бала операция столунда каза болгон.
«Баланын чоң атасы мурда Ысык-Көл облусундагы райондук оорукананын башкы дарыгери болуп иштеген. Ошондуктан ал небересин Бишкектен аталган ооруканага алып келүүнү чечкен. Бала фимоз менен жабыркап келген (эркек балдардын жыныстык мүчөсүнө байланыштуу оору, медицинада аны дарылоо үчүн сүннөткө отургузуу сунушталат). Чоң атасы хирургдардан небересин сүннөткө отургузууну суранган. Дарыгерлер баланы операцияга камдап, жалпы наркоз сайышкан. Бирок бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда каза болгон», – деп билдиришти булактар.
Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен да тастыкташты.

Булак: Turmush