16-сентябрь 2020/informator.kg-Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган 2 кыргызстандыкты куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
 Маалыматка ылайык, алардын бири Бишкек шаарынын, бири Жалал -Абад облусунун тургуну болгон. 15-сентябрь саат 16:10до  Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун көп кабаттуу үйдүн тургуну  5-кабаттын терезесине чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. 
Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Сакалды айылынын 44 жаштагы эркек тургуну насостук станциянын башына чыгып, жанын кыюуга аракеттенген.