Бишкек. 9.05. 19. informator.kg   Бүгүн Улуу Атамекендик согуштун жеңиш майрамы. Бул күндү мурдагы Советтик республикалардын көбү салтанаттуу майрамдашат. Анткени, арабызда ошол алааматка катышкан ардагерлердин аз болсо да көзү тирүү.

КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда Улуу Атамекендик согуштун 356 ардагери жашап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир ардагерге бир жолку-20 миң сомдук материалдык жардам берүүнү буйрук кылды.

9-май СССРдин улутчул-фашисттик Германияын баскынчылыгын токтоткон күн катары 1945-жылдан бери майрамдалып келет. 1941-жылдын 22-июнунда таңга маал СССРдин аймагына кол салган Адольф Гитлердин армиясын Иосиф Сталин башында турган совет эли 1945-жылы Германиянын борбору Берлинге чейин сүрүп барып, Рейхстагга 9-майдын таңында жеңиш туусун сайган эле. Төрт жылдан ашык бул кармашта жалпысынан 27 млн. адам көз жумуп, бул дүйнөдөгү адамзаттын жашоосуна эбегейсиз залал алып келген кандуу согуш катары айтылып келет.

Кыргыз ССРнен жалпысынан 2-дүйнөлүк согушка 365 миң жоокер катышып,  анын 100 миңден ашууну кайтып келген эмес. 150 миң жоокер ар кандай эрдик орден, медальдар менен сыйланып, 72 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Informator.kg маалымат порталы жалпы кыргызстандыктарды 9-май Жеңиш Күнү менен куттуктайт.  Биздин бүгүнкү эркиндиктин башаты кечээки Улуу Согушта жеңген чоң аталарыбыз, тылда тынымсыз эмгектенген чоң энелерибиз! Алардын эрдиги эч качан унутулбайт! 

Жашасын, эркин Кыргызстан!