Бишкек. 24. 12.20 informator.kg Президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч жаралып жатканын билдирди. Мындай билдирүүнү ал көчөдө шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жасаган.

“Азыр мен балдарымды көчөгө чыгара албай калдым. Фанаттар, бандиттер бетине кислота куябыз деп жүрүшөт. Эгерде мындайга унчукпай кала турган болсок, анда дагы 5 жылга отурабыз. Бизди баары эле бандиттер башкарып калды. Азыр биздин балдар көлгө барышса тепкилеп кетип жатышат”,-деди УКМКнын мурдагы төрагасы.

Азырынча ал бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын тастыктай элек.