31-июль 2020/informator.kg-Учурда өлкөбүзгө эле эмес бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооп салып жаткан “Таажы ылаңынын” себебинен жергебизде аянттарда жана мечиттерде айт намазы окулбастыгы жөнүндө маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан коомчулукка жарыяланды. Жараткан Өзү Рамазан айынын жана айт күнүнү урматына жалпы адамзаттын башына балээ болуп турган оорудан баарыбыздан нары кылсын. Асмандан келген жана жерден чыккан балээ-апааттардан сактасын. Бейиштин берметиндей болгон жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-биримдик болсун. Өлкөбүз эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрүндүн катарына кошулсун !.Айтыңыздар маарек болсун!.