Бишкек. 3.08.20 informator.kg Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүү процессинин алкагында Кыргыз  Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга ылайык КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине жалпы суммасы 36 миллион сомду түзгөн жабдыктар келип түштү. Бул тууралуу аталган департаменттин жетекчиси Илич Марсбек уулу кабарлады.

Аталган жабдыктар Бишкек шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториясына жана Ош шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясына берилмекчи.

Белгилүү болгондой, айыл чарба өсүмдүктөрү микроорганизмдер, вироиддер, вирустар, бактериялар жана козу карындар менен жабырланышат.

“Өсүмдүк оорулары даарыланбаган учурда абдан чоң экономикалык чыгымдарды алып келиши мүмкүн. ФАОнун маалыматы боюнча жылына өсүмдүк ооруларынын айынан дүйнө жүзүндө 200 миллиард АКШ доллары чыгым болууда. Ал оорулар менен күрөшүүнүн жолдору – инфекцияга туруктуу сортторду түзүү, оорууну өзубагында так аныктоо жана дарылоо.

Бүгүнкү келген лабораториялык жабдуулар мөмөнүн жана мөмөлүү бактардын ооруу вирустарын аныктоодо абдан маанилүү кадам болуп эсептелинет.

Ооруларды аныктоо электрондук микроскоптордо серологиялык, молекулярдык ыкма менен, индикаторлорду тестирлөө жолу менен молекулярдык деңгээлде жүргүзүлөт. ИФА (Иммунноферменттый анализ) жана ПЦР (Полимеразная цепная реакция) ыкмалары адистердин арасында кеңири колдонулуп жатат. Бул вирустарды аныктоонун заманбап ыкмалары жогорку сезгичтиктин, спецификациянын, аныктыктын, үлгүлөрдү массалык тестирлөөгө жарамдуулуктун талаптарына жооп бериши керек.

ПЦР методун өркүндөтүү, анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу,  изилдөө этаптарын кыскартуу, өсүмдүк материалдан нуклеин кислоталарын бөлүп берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу багытында жүргүзүлүүгө тийиш.

Ошентип, молекулярдык деңгээлде изилдөө өсүмдүктөрдүн тигил же бул микроорганизм менен зыяндалганын так аныктап, мамлекетибиздин айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт”,-дей ал.