2020-жылдын январь-июнь айларында республикада 769,3 миң тонна сүт өндүрүлдү. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 2,4 эсеге көп болду. Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көтөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Буга республикада уйлардын башынын көбөйгөнү өбөлгө болуп берди. 2020-жылдын июнь айына карата малдын саны республикада 22,6 миң башка көтөрүлгөн”,-дейт министрлик.