Бишкек. 10.12.20. informator.kg АКШын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин расмий сайтынан көрүүгө болот.  Анда “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү “кара тизмеде” Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

“Магнитский актына” киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдерине арест (камак) салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Азырынча бул боюнча Р. Матраимов тараптан жооп боло элек.

Эске сала кетссек, ал мамлекетке айып пул төлөө ниети менен УКМКга өзү келип колго түшүп берген. Ошол кездеги Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “ал бир айдын ичинде бюджетке 2 миллиард сом төгө турган болду, камап койсом акчалары аресте болуп, эсептери жабылып төлөй албай калат”,-деп, сот аны 2 айга үй камагына чыгарган болчу. Бирок, Раим Матраимов 1 айда 773 миллион сом эле төккөнүн каржы полициясы билдирди.