Жонс Хопкинс университетинин бүгүн, 18-апрелге карата маалыматы боюнча, АКШда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 700 миңден ашты. Тактап айтканда, 702 164 учур катталган. Ал эми вирустан 58 миңден ашык бейтап айыкса, 37 054 адам каза болду.

Учурда оор абал Нью-Йорк шаарында байкалууда. Илдеттин кесепетинен 13 миңден ашык киши көз жумду.

Американын президенти Дональд Трамптын айтымында, өлкөдө коронавирус инфекциясынын курмандыктарынын жалпы саны 60-65 миң кишиге жетиши мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусун 2,2 миллиондон ашык адам жуктурса, 154 миңден ашык киши көз жумган. Вирус жуктургандардын саны боюнча АКШдан кийин экинчи орунда Испания (190,8 миң адам вирус жуктурган, 20 миң адам каза болгон), андан кийин Италия турат. Аталган өлкөдө илдетти жуктургандардын саны 172 миң адамга жетсе, 22 миң бейтап каза болгон.