Бишкек. 7.07. 21. Informator.kg  АКШнын борбору Вашингтондо полиция Конгресстин имаратын басып алган президент Дональд Трамптын жактоочуларын кууп таратты. Күч түзүмдөрү имаратты толук бошотуп, тартип бузгандардын камакка алып жатканын, 7-январдын таңында коменданттык саат иштеп жатканын эл аралык ММКлар кабарлашууда.

Эске сала кетсек, кечээ Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан учурда Акүй алдында митинг кылып жаткан Дональд Трамптын тарапташтарынын алардын бир тобу Капитолийдин имаратын каптап келип, тосмолордон ашып,. Имараттын ичине кирип кеткен болчу.