22-сентябрь 2020/iinformator.kg- Активисттер Бөкөнбаев-Манас, Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн көпүрөлөрүнө жана Алматы көчөсүнүн жээгине “Добушуңду сатпа”, “Саткын болбо”, “Сатылба”, “Эркиндиктин баасы 1000-5000 сом” деген жазууларды кадимки боёк менен ак кездеме жазып, илишкен. Алардын бири Бексултан Үсөналиевдин айтымында, бүгүн ал жазуулардын бири да жок. Укук коргоо кызматкерлери жазуулардын бирин Бөкөнбаев-Манас көчөсүндөгү көпүрөдөн алып салышты, калгандарын  ким алып салганы белгисиз.