20-июнь 2020/informator.kg-

20-июнда өлкө аймагында дагы 192 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч.Вирус жуктуруп алган үч адам каза тапты. Алардын экөө 59 жаштагы аял менен 61 жаштагы эркек Ош облусунан, 62 жаштагы эркек киши Ысык-Көл облусунан.Ушуну менен илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 35 адамга жетти.Өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 2981 адамды түздү.

  • Жалал-Абад облусунда – 206,
  • Ош облусунда – 300,
  • Ош шаарында – 323,
  • Чүй облусунда – 369,
  • Бишкек шаарында – 1010
  • Баткен облусунда – 40,
  • Нарын облусунда – 431,
  • Ысык-Көл облусунда –35 киши.
  • Талас облусунда – 27 киши.

Булардын ичинен 1981иайыкты.Обсервацияда жаткандардын саны 1569. 498 адам ооруканада, 30 адамдын абалы оор, адам реанимацияда жатат. Үй шартындагы изоляцияда 385 адам бар. 35 адам каза болду.