16-сентябрь 2020/informator.kg-

Ууландырылды деп айтылган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Орусияга кайтып барууну каалайт. Бул тууралуу саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди. “Журналисттер тынымсыз жазып жатат, “Навальный чын эле Орусияга кайтып келеби” деген суроо жолдошууда. Мен кайрадан тактап кетейин: башка варианттар эч каралган эмес”,-деп жазды Ярмыш “Твиттер” баракчасына. Навальный болсо “Инстаграм” баракчасына сүрөт жарыялап, өз алдынча дем алып жатканын билдирди. “Силерди сагындым. Азыр көп нерсени жасай албайм, бирок өз алдынча деп алып калдым. Эч кандай жардам беришкен жок, түтүктөр колдонулган жок. Өз алдынча дем алуу керемет экен, аны көптөр баалабайт. Силерге дагы өз алдынча дем алууну сунуштайм!”,-деп жазган Навальный.