Бишкек. 12.01. 12 informator.kg  12 жаштагы Селим Атамбаев Эл аралык математика боюнча олимпиадада “Талантуулугу үчүн медаль” алтын  медалын утуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышууда.

Анда 61-жолу өтүп жаткан  Эл аралык метаматикалык олипмпиада (World Mathematic Invitational) бул жолу Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп, анда 100дөн ашуун өлкөдөн келген жогорку класстын математик окуучулары эки күн бою эсеп чыгарууда атаандашып, ар бир катышуучу 6 тапшырманы аткарышканы, алардын арасынан кыргызстандык экс-президент Алмаз Атамбаевдин небереси баарынан озуп чыкканы кабарланат.

Эске сала кетсек, буга чейин Селим Малазияда өткөн ушул олимпиадада 3-орунга татыктуу деп табылса, 2019-жылы Чолпон-Ата шаарында тхеквондо боюнча алтын медальды жеңип алган.