Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Пакистандагы иш сапардын жыйынтыктары жемиштүү болгонун билодирип, социалдык тармактардагы расмий баракчасына отчеттук билдирүү калтырды. Анда мындай деп айтылат:

“Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди.

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту.

Тизмелердин түшүндүрмөсү:

●A – эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;

●B – көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

●C – аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

☑️Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар өзүнчө тизмеге киргизилет

☑️Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

☑️Эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди.

☑️Кыргыз-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдаштык

☑️Кыргызстан жана Пакистандын ЖОЖдорунун ортосунда академиялык мобилдүүлүктү жайылтуу багытында иштер жүргүзүлмөй болду.

☑️Билим берүү тармагындагы тажрыйбалар менен алмашууну макулдаштык. Пакистан тарап менен кесиптик-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик стандартын иштеп чыгууда тажрыйба алмашуу жүрөт.

– Ал эми Кыргызстан Пакистанга онлайн билим берүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшмөй болду.

МЫНДАН АРЫ ЖОЖдор ЖООПКЕРЧИЛИКТИ АЛЫП, САПАТТЫ КӨТӨРҮҮНҮН ҮСТҮНДӨ ИШТӨӨСҮ ЗАРЫЛ”,-дейт министр.

Ал ошондой эле Пакистандагы иш сапаргаколдоо көрсөтүп, көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымын кошкон Кыргызстандын Пакистандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бейшембиев Эрик Айдаркановичке, Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине ыраазычылык билдирген.