15-сентябрь 2020/informator.kg-

Кыргызстанда эттин баасы кымбаттаганы байкалды. Айрым аймактарда 50 сомго чейин жогорулаганын Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, базар экономикасы болгону үчүн бааны эч ким көзөмөлгө ала албайт.

—  Бирок эттин баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө, биз өкмөткө кабар беребиз. Ошондо өкмөттүн буйругу чыгып, бааны көзөмөлдөө бизге жүктөлөт. Бул абалда 1 жуманын ичинде бааны калыбына келтирип коё алабыз, — деди Маматоморов. Ал эт менен алектенген ишкерлерге кайрылып, реалдуу баа менен сатууга чакырды. Булак: Марал