Анжелика Кайратова ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Маалыматка караганда, ал учурда кыздары менен үйдөн дарыланууда.

Ырчыга жанын анын кызына Бишкек шаарындагы Ортопедия жана травматология борборунда профессор Сабырбек Жумабеков операция жасаган. Басып кетүү үчүн Анжеликага эки ай талап кылынары айтылган.

Анжелика Кайратова кыздары менен 24-январда Ысык-Көлдө авто кырсыкка учураган.