16-сентябрь 2020/informator.kg- Apple компаниясы кандагы кычкылтекти өлчөгөн «акылдуу сааттарды» чыгарды. Бул тууралуу ВВС орус кызматы жазды. Apple салтка айланып калгандай, күз мезгилинде жаңы гаджеттери менен тааныштырды. Бул жылы компания iPhone телефонунун жаңы моделин көрсөткөн жок. Бирок кандагы кычкылтектин көлөмүн өлчөй алган «акылдуу сааттардын» жаңы модели сатыкка чыгарын билдирди. Быйыл Apple компаниясы коронавирус пандемиясына байланыштуу iPhone 12 телефонун чыгарууну токтотуп турууну чечкен. Анын ордуна жаңы Apple Watch Series 6 сааты сатыкка чыгат.