9-октябрь 2020/informator.kg-

 Борбор Азия мамлекеттери боюнча эксперт Аркадий Дубнов бир аптадан кийин өтө турган КМШ мамлекеттеринин саммити тууралуу эске салды. Бул тууралуу билдирүүнү ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. “Бир аптадан соң видеоконференция форматында уюштурулган КМШ өлкөлөрүнүн саммити болот. Эгер Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан саясий кризис жоюлбаса эмне болот? Мамлекеттин атын ким көрсөтөт? Бир жагынан алганда, президент Сооронбай Жээнбеков өз ыйгарым укуктарынан баш тарта элек. Президент элине кайрылуу жасап, өзүнүн бар экенин билдиргени менен анын кайда экени белгисиз. Андыктан мен Кыргыз өлкөсүнүн бешинчи президенти Сооронбай Жээнбековду эл аралык издөөгө салам”, – деген пикирин билдирген орусиялык серепчи.