15-сентябрь 2020/informator.kg-

Ички коопсуздуктун аскер кызматына күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 15-сентябрдан баштап ИИМдин ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. Аскерге жаңыдан чакырылгандар аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон өтүшкөн. Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМдин ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт.