Бишкек. 27.06. 20 informator.kg Ат-Башы районунда эт комбинатынын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү “Жанар и Бек” ЖЧКсынын жетекчиси Бейшен Абышев билдирди.

Анын айтымында, суткасына 15 баш бодо, 50 баш майда жандыкты сое турган бул орто эт комбинатынын курулушуна бүгүн капсула салынган.

“Райондун аксакалдары, активдери, аким Нурбек Сатаров, облус губернатору Эмил Алымкулов, катышуусунда курулушка капсула салынды. Буюрса, быйылкы жылдын октябрь-ноябрь айларында ишке берилет”,-дейт ал.

Ал эми эт комбинаттын жетекчилеринин бири Руслан Өмүралиев болсо комбинаттын курууга көп жылдан бери долбоор жазылып, каржы булактарынан колдоо табылбаганын, акыры Кыргыз Өкмөтү тарабынан Аймактарды өнүктүрүү долбооруна каралган 2 млрд. сотунан 8 млн. сом биринчи этабына РСК-банкы аркылуу бөлүнүп берилгенин айтты.

“Комбинатка суу, электр жарыгын алып келдик, эми негизги этап мал саюла турган цехтин куруу башталды. Мал киндиктүү Ат-Башы районунда малды тирүүлөй сатпай, анын даяр продукция катары сунуштасак деген ниетибиз ишке ашканы турат. Албетте, долбоор толук кандуу ишке ашуу үчүн 16 млн. сом талап кылынат. Калган каржы боюнча да иш алып барабыз”,-дейт ал.