Социалдык тармактарда аялдын мойнуна эки дөңгөлөк илип, эркек киши аны бетке чаап зомбулук көрсөтүп жаткан видео чыкты.

Бул окуя боюнча “Элдик медиага” Жалал-Абад ОИИБнен комментарий берди. Аталган окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы Бегабад айыл өкмөтүндө катталган.

“11-июнь күнү жабыркаган 1973-жылы туулган аял милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде окуя болгон жерге териштирүү жүргүзүлүп, “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен Сузак РИИБнин КЖБРне каттоого алынган. Кийин “уруп-сабоо мазактоо” беренесине өзгөртүлүп ага ылайык кечээ 11-июнда саат 18:00дөр чамасында 1969-жылы туулган аялдын күйөсү Сузак милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп билдирди Нурдинбек Жээнтаев.

Күйөөсү аялына зомбулук көрсөткөндүгүнүн себеби – аял бир жакка барып кеч келген экен дейт милициядан. Учурда териштирүү жүрүүдө.