18-август 2020/informator.kg-

Өзбекстандагы Кашкадарыянын жашоочусу Жуманазар Халмуратов Меккеге ажылык сапарга жөө жөнөп кетти. Зыяратчы эки айдан бери жолдо, учурда Каракалпакстанга жетти.Жолдо жергиликтүү тургундар аксакалга жардам берип, аны конокко чакырышкан. Канлыкул районунун жашоочулары ага өзгөчө боз үй тигип, улуттук тамактарды даярдап, жергиликтүү бакши каракалпактын элдик ырларын аткарышты. Зыяратчынын эсептөөлөрүнө ылайык, ал Меккеге декабрь айында келет. Түркмөнстандын чек аралары жабык болгондуктан, Казакстан аркылуу Сауд Арабиясына жетүүнү пландап жатат.Аксакал ажылыкка жөө баруу аракетин биринчи жолу жасаган жок. Акыркы жолу ал сапарга чыгып, Ирандагы согушка байланыштуу өз жолун аягына чыгара алган эмес. 

Булак: NazarNews.kg