Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg 2020-жылдын аягындагы Bloomberg басылмасынын миллиардерлер Индекси боюнча Азиядагы эң бай адам  Alibabaнын кожоюну  Джека Ма  болбой калды. Азырынча бул континенттеги ити чөп жеп, иши жүрүшкөн адам бул сууларды жана вакциналарды бөтөлкөгө куюп сатуу өндүрүшүн жолго койгон кытайлык Чжун Шаньшань болууда. Ал бул жылы болуп көрбөгөндөй киреше табуу менен Индиялык Мукеша Амбани менен Джек Маны артка калтырган.

Эсептөөлөр боюнча, Чжун Шаньшандын байлыгы быйыл 77,8 млрд. долларга чаап барып, ал дүйнөдөгү эң бай дегендердин тизмесинде 11-сапка туруу укугуна ээ болгон.

Анын бул ийгилигине өзүнө караштуу эки компаниянын-  Nongfu Spring сууларды жана шириндиктерди куюп сатуучу компаниясы менен  Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise аталышындагы гепатитке каршы вакцина жана COVID-19 илдетин аныктоочу тесттерди өнүктүргөн компанияларынын акцияларынын өскөнү өбөлгө болгон.