7-сентябрь 2020/informator.kg

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы каралат. 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген.