Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталган дагы 7 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнга карата эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат берип жатып билдирди.

– Республикалык клиникалык ооруканасында 55-76 жаштагы 2 эркек киши;

– Ош шаардык клиникалык ооруканасында 49-70 жаштагы 2 аял киши;

– №2 клиникалык төрөт үйүндө 27 жаштагы аял киши;

– Жайыл аймактык ооруканасында 44 жаштагы эркек киши;

– Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 53 жаштагы эркек киши көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус оорусу жуккандан кийин жалпы 57 адам каза тапты.