26-ноябрь/informator.kg-

“Америка кайтып келди, кайрадан дүйнөлүк лидер болууга даяр”, -деп айтты Байден.

Жо Байдендин дайындоолору кызуу талкуу жаратты. Мисалы, Улуттук чалгын кызматынын башчысы катары биринчи жолу аял дайындалды. Буга чейин Эврил Хэйнс Борбордук чалгын кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан тышкары ички коопсуздуктун башчысы катары биринчи жолу теги латын америкалык дайындалды. Алехандро Майоркас талаштуу миграция системасын реформалайт.

Шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген. Бул тууралуу Федералдык жалпы кызматтар агенттигинин (GSA) жетекчиси Эмили Мерфи президентикке талапкер Байденге кыскача кат жолдогон.

Бул кадамдан кийин Жо Байден АКШнын коопсуздугуна түзгөн коркунучтар тууралуу баяндамаларды алууга, маанилүү өкмөт кызматтарга талапкерлерди дайындоого жана инаугурацияга даярдык катары миллиондогон доллар каражатты колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек.

Дональд Трамп болсо командасы укуктук териштирүүсүн уланта берерин айтууда. Республикачылардын штабы же юристтери тарабынан сотко жолдонгон 36 иштин 25и сот тарабынан четке кагылды же далилденген жок. Бирок ошого карабастан доо арзыздар даярдалууда. Америкалык басылмалар “соттук териштирүүлөрдө ийгликке жетишке Дональд Трамп өзү деле ишенбей калды” деп жазууда. Президент Трамптын көпчүлүк кеңешчилери жеңилгенин моюнуна алууга чакырган.