6-август 2020/informator.kg-

Жарым жылдан ашуун убакыт үйдө отурган балдарды алаксытуу, билимин өркүндөтүү бардык эле ата-энени санаага салууда. Бакчалар ачылаар бекен деп үмүт кылгандарга министрлик жооп берди. Алардын иштөө тартиби Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын корутундусунун негизинде реалдуу режимде иш жүргүзсө болот.Министрликтен белгилешкендей, азыркы учурда электрондук кезек https://balabakcha.edu.gov.kg/ru аркылуу бала бакчаларга балдарды кабыл алуу жүрүп жатат.