25-август 2020/informator.kg-

 Акыркы сутканын ичинде Моңголиянын аймагында коронавирус оорусу эч кимден аныкталган жок. Расмий маалымат боюнча, 24-августта 1011 адам текшерүүдөн өткөн. Баарынын жыйынтыгы таза чыкты.Пандемия башталгандан бери Моңголияда жалпы 298 адамдан коронавирус оорусу аныкталган. Алардын ичинен 289 адам айыгып чыкса, 9 бейтап дарыланып жатат. Адам өлүмү катталган жок.