11-октябрь 2020/informator.kg- Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. “Камактан чыгып кеткен адамдар кармоонун белгиленген тартибин бузуп, администрациянын кызматкерлерин коркутуп, 6-октябрга караган түнү түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, камактан мыйзамсыз чыгып кетишкен. Мындан улам абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары караларын эскертебиз”, – деп жазылат маалыматта.