25-сентябрь 2020/informator/kg-

Добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, шайлоонун мыйзамдарын бузуу боюнча 86 кылмыш иши козголду. 46 жоруктарга сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышат.