Бишкек. 17.12.20 informator.kg  КРнын Башкы прокуратурасы кыргыз прокуратурасынын ардагери Джандаев Жолдошбек Айдаралиевичтин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Анда мындай деп айтылат.

“2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаардык прокуратурасынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Джандаев Жолдошбек 70 жашында мезгилсиз дүйнө салганын тереӊ өкүнүч менен өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлайт.

Ал, 1950-жылдын 23-январында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында төрөлгөн.

1977-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолу Чүй облусунун Кемин районунун прокурорунун стажер-жардамчысы кызматынан башталган.

Прокуратура органдарында жалпы 35 жыл эмгектенип, ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Кийин, 2012-жылдан тартып Бишкек шаардык прокуратурасынын ардагерлеринин тизмесин толуктап келген.

Жолдошбек Айдаралиевич, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун, ошондой эле орду толгус жоготуусун чогуу бөлүшөт”,деп айтылат маалыматта.