8-август 2020/informator.kg-

Эл аралык Криминалдык полиция уюму (Интерпол) трагедиянын жагдайын иликтөө үчүн Бейрутка Атайын жооп кайтаруу тобун (IRT) жөнөттү, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы. Белгиленгендей, тергөө ишине Интерполдун жардамы жөнүндө өтүнүч Ливан бийлиги тарабынан жөнөтүлгөн.
“Ливан бийлигинин талабы боюнча, Интерпол 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен жана шаардын олуттуу бөлүгүн кыйраткан жарылуудан кийин IRT адистештирилген тобун Бейрутка жөнөтүп жатат” деп айтылат билдирүүдө. Эл аралык уюмдун баш катчысы Юрген Сток “Интерполдун мындай жардамды берүү тажрыйбасы улуттук бийликке олуттуу жардам берет” деп белгиледи. Мындан тышкары, ал Ливан талап кылган жана сураган жардамдарды берүүнү улантат.