Бишкек. 26.02. 21 informator.kg  Бильярд боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Кыргызстандын спортуна эмгек сиңирген чебер Каныбек Сагынбаев Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебине директор болуп дайындалды.

Аны бүгүн эмгек жамааты менен Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгын башчысы Нурлан Токоноев тааныштырган.

Аталган мектеп эркин жана грек-рим күрөшү, бильярд спорту жана велесипед спорту боюнча өспүрүмдөрдү даярдайт.