“Сымбат Маратбек “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер эмес. Мындан сырткары, ал жетектөөчү кызматты ээлебейт жана партияны каржылоо саясатына эч кандай тиешеси жок. Ал штабдагы катардагы кызматкер.

Сымбат Маратбек Германиядагы Лейпциг университетин аяктаган. Эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. МГИМодо эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн. Көптөгөн эл аралык премияларга татыган. Ошондой эле изилдөөлөр менен алектенет. 5 тилде эркин сүйлөйт.

Учурда эл, анын ичинде шайлоого аттанып жаткан ар бир партия, талапкерлер мамлекеттен шайлоонун таза өтүүсүн талап кылып келебиз. Биз бардык саясий күчтөрдү шайлоонун таза өтүшүн өзүбүздөн баштоого чакырабыз. Оппоненттерди каралоодо моралдык, этикалык эрежеден чыкпайлы. Күнөөсү жок балдарды саясаттын ыплас оюндарынын курмандыгы кылбайлы”, дейт партия өкүлчүлүгү.