11-июнь 2020/informator.kg-

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 36 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 11-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 17 адам. Ош облусунда төрт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 58 бейтап айыгып, 11-июнда үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти.