18-август 2020/informator.kg-

20-августта Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.Мэриядан билдиришкендей, буйрутма аткаруучу компаниянын курулуш-монтаждык иштерине байланыштуу Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — “Ала-Арча” суусу — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Ж.Пудовкин — Элебесов — Медеров — Ж.Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү кесилишкен бөлүктө 20-август күнү саат 09:00дөн 21:00гө чейин таза суу жок болот.”Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды таза сууну камдап алышын эскертебиз”, – деп билдирет мэрия.