Бишкек. 01.09.20. informator.kg   Акыркы эки жыл аралыгында Бишкек мэриясы 46 гектардан ашык жер тилкесин мунципиалитетке кайтарды. Бул тууралуу онлайн-брифинг учурунда вице-мер Азиз Алымкулов айтты.

Анын белгилешинче, бул жер тилкелери мурда мыйзамсыз түрдө жеке колдорго өтүп кеткен. Азыр да 5 гектар жер тилкесин артка кайтаруу боюнча соттук иштер уланып жатыптыр.

“Учурда биз ижарага берилген жерлер, ижарачылардын карыздары тууралуу маалыматтарды анализдеп жатабыз. Биздин алдын ала эсептер боюнча карызы арбын ижарачылардын саны 6 миңден ашууда. 1-октябрдан тарта эсептөөлөрдү жыйынтыктап, толук тизмени даярдайбыз. Карызы бар ижарачыларга ошондон кийин 10 күн карыздарынан толук кутулуу мүмкүнчүлүгүн беребиз, аткарылбаган учурда келишимдер бир тараптуу токтотулуп, ижарадагы жерлер шаарга кайтарылат”,-дейт ал.