18-ноябрь 2020/informator.kg– Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Кырсыктын видеолору жана сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап жатат. Патрулдук милиция кызматынын маалыматы боюнча жол кырсыгы бүгүн, 18-ноябрь күнү саат 09:30 чамасында Лексус менен Хонда Фит жана БМВ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын натыйжасында жабыркагандар жок. Азыркы учурда жол кырсыгы каттаган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.