8-октябрь 2020/informator.kg-

Бишкек шаарынын мэри Бишкекке бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайтшаардагы үйлөргө жылуулук берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Маралга» билдирди. Анын айтымына караганда, шаардын вице-мэри Алымбек Абдылдаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабды жыйынга чогултууда. Жылуулук бүгүндөн тартып бериле баштайт. Айта кетсек, жыл сайын жылуулук алгач оорукана, мектеп, бала бакча, карылар үйү жана башка ушул сыяктуу социалдык маанидеги мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө берилет.