Бишкек. 21. 03.21. informator.kg  Кыргызстанда 22-мартта күн жылуу болот. Бул тууралуу метеорологдор билдирет.

Алардын маалыматы, эртең Кыргызстанда күн ачык болуп, шамалдын ылдамдыгы батыштан 4-9 метр секунданы түзөт.

Бишкекте аба ырайы түнкүсүн +2, күндүз +17 градус жылуу, Чүй облусунда түнкүсүн −1,күндүз  +17 жылуу,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аба ырайынын  температурасы түнкүсүн +2, күндүзү +18 градус болоору күтүлүүдө.

Нарында −11ден +10 градуска чейин жылыса, Ысык-Көлдө түнкүсүн−3, күндүзү +13 градус жылыйт. Таласта болсо абанын температурасы түнү−1, күндүз +17 градус жылуу болмокчу.